Украинада 7 жашар бала миллионерлердин катарын толуктады

© Sputnik / Александр Демьянчук / Медиабанкка өтүүДенежные купюры и монеты США и Украины
Денежные купюры и монеты США и Украины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гривен миллионерлеринин басымдуу бөлүгү 45 жаштан жогорку курактагылар.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Былтыр Украинада жети жашар бала гривен миллионери болгонун өлкөнүн фискалдык кызмат башчысынын милдетин аткаруучу Мирослав Продан билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Ал эми кирешеси бир миллион гривенден жогору болгон эң улуу жаран 99 жашта. 2017-жылы Украинада гривен миллионерлери болгондордун саны 16 пайызга жогорулап, 559 кишини түзгөн.

"2017-жылы кирешеси тууралуу декларация тапшыргандардын 4063ү бир миллион гривенден (37 миң доллардай) ашык каражат тапканын көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.

Гривен миллионерлеринин басымдуу бөлүгү 45 жаштан жогорку курактагылар.

Жаңылыктар түрмөгү
0