Медведев кээ бир вице-премьерлерди алмаштыруу ниетинде. Талапкерлер тизмеси

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүКандидат на пост премьер-министра РФ Д. Медведев встретился с депутатами фракции «Единая Россия» в Госдуме РФ
Кандидат на пост премьер-министра РФ Д. Медведев встретился с депутатами фракции «Единая Россия» в Госдуме РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын өкмөт башчысынын талапкер азырынча министрлер кабинетинин башкаруучулар курамын гана атады.

БИШКЕК, 7 — май — Sputnik. Россиянын премьер-министрлигине талапкер Дмитрий Медведев вице-премьер-министр кызматына алып келем деп ниеттенген кишилерди атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Дүйшөмбүдө, 2018-жылдын 7-майында Россиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путиндин ант берүү аземи болду. Мыйзам боюнча, ал кызматка киришкенден кийин, буга чейин иштеп жаткан өкмөт отставкага кетиши керек.

Россиянын президенти Владимир Путин инаугурация аземинде - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путин төртүнчү ирет президенттик тактыга отурду. Бүгүн инаугурация болду
Медведев "Единая Россия" фракциясынын депутаттары менен жолугуп, вице-премьерлик кызматка талапкерлерди атаган.

Биринчи вице-премьерге РФтин Финансы министринин милдетин аткаруучу Антон Силуанов;

Вице-премьерликке социалдык, эмгек, пенсия менен камсыздоо жана саламаттыкты сактоо боюнча саясатты алып кетет деп Татьяна Голикова;

Айыл чарбасына жооп берүүчү вицеликке Алексея Гордеев;

Курулуш боюнча вице-премьерликке Виталий Мутко;

Транспорт, байланыш жана санарип экономикасы боюнча вицеликке Максим Акимов;

Өнөр жай жана энергетика боюнча вице-премьерликке Дмитрий Козак;

Спорт, маданият жана спорт жаатындагы вице-премьерликке Ольга Голодец;

Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматына Константин Чуйченко;

Коргонуу өнөр жай комплекси боюнча вице-премьерликке Юрий Борисов сунушталган.

Маалыматта Медведев азырынча министрлик кызматка дайындай турган талапкерлерди атай элек.

Медведев Мамдумадагы "Единая Россия" жана Россиянын либералдык-демократиялык партиясынын фракцияларынын депутаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0