Аюу менен селфи жасайм деген таксист жырткычтын колунан көз жумду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАюу. Архив
Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөр токойчуларды жардамга чакырган учурда таксист каза болуп калган.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Индияда аюу аны менен селфи жасайм деген таксистти жара тартып салды. Бул туурасында Odisha Sun Times басылмасы жазды. 

Прабху Бхатара (Prabhu Bhatara) Орисса штатына үйлөнүү тойдон конокторду алып келе жатып, жол жээгинде турган жаралуу аюуну көрүп токтогон. Машинадан чыгып, жырткыч менен селфи жасайм дегенчекти, аюу аны жерге чаап, андан соң жара тартып салган.

Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канадада курбусун өлтүргөн кыз селфиден улам полицияга кармалып калды
Таксинин ичиндегилер Бхатараны сактап калуу үчүн аюуну көздөй колдо болгон буюмдарды ыргытып, качат деп ойлошкон. Бирок мындан кийин аюу ого бетер жаалданып, айкырган. Жүргүнчүлөр токойчуларды жардамга чакырганда, таксист үзүлүп кеткени болгилүү болду.

Буга чейин АКШда аюу жолтандабасты "айдай качкан" видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0