Трамптын жылаңач эстелиги аукциондо 28 миң долларга сатылды

© AFP / ALBERTO E. RODRIGUEZ / GETTY IMAGES NORTH AMERICAАКШ президенти Дональд Трамптын жылаңач эстелиги. Архив
АКШ президенти Дональд Трамптын жылаңач эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстелик 2016-жылы Indicline бейөкмөт уюму тарабынан коюлган.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын жылаңач эстелиги Лос-Анжелестеги аукциондо 28 миң долларга сатылганын The New York Times басылмасы билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу кино тартылышы ыктымал
Julien's Auctions үйү тарабынан уюштурулган аукциондо эстеликти арбактар тууралуу көрсөтүүнүн алып баруучусу Зак Бэганс сатып алган. Ал сатып алган буюмунун өзүнүн паранормалдуу кубулуштар музейине коёрун айтты.

Аталган эстеликти Indicline бейөкмөт уюму 2016-жылы Нью-Йорк, Лос-Анджелес, Сан-Франциско жана Сиэтл шаарларына коюп, бул аракети менен Трамптын шайлоого катышуусуна каршылык көрсөткөн. Аукционго коюлган бул айкел сакталып калган жалгыз эстелик болуп саналат. Калгандарын вандалдар талкалап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0