Пентагон аскер базаларында Кытайдын смартфондорун сатууга тыюу салды

© AP Photo / Charles DharapakШтаб-квартира Министерства обороны США — Пентагон
Штаб-квартира Министерства обороны США — Пентагон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Huawei жана ZTE компаниясынын байланышты камсыздоочу жабдууларын колдонууга да тыюу салынды.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Пентагон АКШнын аскер базаларында Huawei жана ZTE компанияларынын телефондорун сатууга тыюу салды. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити жазып чыкты.

АКШнын аскер мекемесинин өкүлү Дейв Истберн Huawei жана ZTE компаниясынын жабдуулары кызматкерлер, маалымат жана министрликтин иши үчүн кооптуулук жарата турганын баса белгиледи.

Учения корабельных сил Каспийской флотилии - Sputnik Кыргызстан
АКШ Казакстанга аскер базасын ачабы? Элчиликтин жообу
Ага ылайык, кытай компаниясынын телефондорун сатууга тыюу салуу боюнча чечим өткөн жума күнү кабыл алынган. Андан сырткары, аталган компаниялардын модемдери жана уюлдук байланышты камсыздоочу жабдууларына да тыюу салынган. Гезиттин жазышынча, министрликтин кызматкерлери азырынча жаңы эреже чыгарылганга чейин сатып алган аппараттарын колдоно алат.

Буга чейин Американын ЖМКлары атайын кызмат Huawei жана ZTE компанияларынын аппараттарын колдонбоо керектигин жарыялаганын жазып чыгышкан. Бул компаниялардын смартфондору Америка элинин коопсуздугуна шек келтирери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0