Армения: өкмөт башчыны шайлоонун экинчи туру качан болорун айтылды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүВнеочередное заседание по выборам нового премьера в парламенте Армении
Внеочередное заседание по выборам нового премьера в парламенте Армении - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-майда Армениянын Улуттук жыйыны оппозиция лидери Никол Пашинянды премьер-министрликке шайлай албай койгон.

БИШКЕК, 2-май – Sputnik. Армениянын премьер-министрин шайлоонун экинчи туру 8-майда, парламенттин атайын жыйынында болот. Бул туурасында РИА Новости Улуттук жыйындын төрагасы Ара Баблояндын билдирүүсүнө таянып кабарлаган.

"Улуттук жыйындын регламенти боюнча премьер-министрди шайлоо маселеси 8-майда, саат 12:00дө, атайын жыйында каралат", — деп айтылган парламенттин сайтындагы маалыматта.

Анда Баблоян бул туурасында атайын билдирүү жасагандыгы кабарлаган.

1-майда Армениянын Улуттук жыйынында Армения нааразылыкка чыккан кыймылдын лидери Никол Пашинянды шайлай албай койгон. Аны 45 депутат колдоп, бирок дагы сегиз добуш жетпей калган. Мыйзам боюнча парламент бир аптадан кийин премьер-министрди кайрадан шайлашы керек. Эгерде экинчи ирет да шайлай албай калса, анда парламент тарашы керек болот.

Кечээ шайланбай калгандан кийин Никол Пашинян элди кайрадан көчөгө чыгып, жолдорду тосууга чакырган.

Митинг сторонников оппозиции после выборов премьер-министра в Армении - Sputnik Кыргызстан
Тынчыбыган Армения: Пашинян элди өлкөнүн бардык жолдорун тосууга чакырды
Эске салсак, Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы нааразылык акциялар 13-апрелде башталган. Никол Пашинян башында турган оппозиция аны өлкөнү натыйжасыз башкарып, экономикалык абалды начарлатып жиберди деп күнөөлөгөн. Кийин ал премьерлик кызматка талапкер болгон.

2018-жылдын 16-апрелинде митингге чыккандар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылганы менен полиция аларды артка сүрүп, мунун кесепетинен ондогон киши жаракат алган. Ал эми 17-апрелде нааразылыкка чыккандар "баркыт ыңкылабы" башталганын кабарлаган.

Нааразылыктарга карабай Армениянын парламенти 17-апрелде Саргсянды өкмөт башчылыкка шайлаган. Бирок толкундоолордун кысымынан улам 23-апрелде, алты күндөн соң Саргсян отставкага кеткен.

Бул окуялар Армения башкаруунун парламенттик түрүнө өтүү боюнча Баш мыйзамга өзгөрүүлөр киргизилгенден кийин болгон. Алардын негизинде премьер-министр бийликтин негизги адамы болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0