Индияда жылан чаккан аял уйдун кыгына тумчугуп каза болду

© AFP / SAJJAD HUSSAINСкорая помощь в Нью-Дели
Скорая помощь в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индияда элдин сабатсыздыгынан улам ырым-жырымга ишенүү коомдогу ири көйгөй бойдон калууда.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Индиянын Уттар-Прадеш штатынын тургуну жылан чагып алгандан кийин уйдун кыгына көмүлүп жатып тумчугуп өлгөнүн Sun гезитине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

35 жаштагы Девендри аттуу аял отун жыйнап жүрүп жыланга чактырып алган. Үйүнө келгенде күйөөсү Мукеш жыланды дубалоочу адамга жиберген. Ал уйдун кыгына көмүлүп жатууну сунуштап, кык денедеги ууну соруп аларын айткан.

Күйөөсү Девендрини элдин көзүнчө уйдун кыгына көөмп, ал эми дубалоочу ошол маалда жанында дуба окуп турган. Бирок аял 75 мүнөттөн кийин каза болуп калган.

"Биз алгач аны башка жол менен дарылайлы дегенбиз. Дары берип, колуна жип байлаганбыз. Бирок дубачы уйдун кыгына көмгүлө дегенинен анын тилин алдык. Мен анын өлүп каларын билген жокмун", — деди күйөөсү.

Гезитте жазылганына караганда, Индияда элдин сабатсыздыгынан улам ырым-жырымга ишенүү коомдогу ири көйгөй бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0