Бразилиянын Сан-Паулусунда көп кабаттуу имарат өрттөн улам урап түштү. Видео

© REUTERS / Leonardo BenassattoПожар в многоэтажном доме в Сан-Паулу
Пожар в многоэтажном доме в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде полиция менен куткаруучулар иштеп жатат. Аймак курчоого алынды.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы көп кабаттуу имаратта өрт чыгып, ал урап түштү. Бул тууралуу Folha de S Paulo басылмасы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча бир киши каза болгон. Айрым кишилер имараттын жогорку кабаттарында адамдар болушу мүмкүндүгүн билдирип, каза болгондордун саны көп болушу ыктымалдыгын айтууда.

Кырсык болгон жерде полиция менен куткаруучулар иштеп жатат. Аймак курчоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0