Президент Родриго Дутерте: Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менин кумирим

© AFP / WU HONG / POOLПрезидент Филиппин Родриго Дутерте
Президент Филиппин Родриго Дутерте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филиппиндин башчысы Ким Чен Ын менен өзү да жолуга тургандыгына үмүт артаарын билдирген.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды кумир тутаарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жергиликтүү Rappler маалыматык порталына шилтеме кылып жазып чыкты.

Мындай билдирүүнү ал Ким Чен Ындын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолуккандан кийин айткан.

"Сиздер билесиздерби, ал инсан менин кумирим болуп калды. Ал күндүн башкы каарманы", — деген Дутерте.

Встреча первых леди Северной и Южной Кореи - Sputnik Кыргызстан
Түндүк менен Түштүк Кореянын биринчи айымдарынын жолугушусу ЖМКлардын көңүлүн бурду
Филиппиндин башчысы Корея жарым аралындагы эки өлкөнүн алакасынын жакшырып жатканын колдоп, Ким Чен Ын менен өзү  да жолуга тургандыгына үмүт артаарын билдирген.

Эске сала кетсек, Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын башчылары 27-апрелде демаркациялык сызыктан жолугуп, эки мамлекеттин алкасына жартууга багытталган декларацияга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0