Мароккодо 9 баланын атасы тукумсуз экенин билген соң ажырашмай болду

Жазылуу
Эркек киши жаш кезинде эле тукумсуздукка кабылганы аныкталган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жубайы менен 35 жыл жашап, тогуз баланын атасы болгон Марокконун тургуну жашында эле тукумсуз экенин кийин билген. Бул тууралуу Khaleej Times басылмасы билдирди.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер гана ооруй турган 5 дарт
Ага ылайык, жаңжал Сиди-Слиман университетинин профессору катардагы медициналык кароодон өткөндөн кийин башталган. Анализдердин жыйынтыгы ойдогудай чыкпагандыктан уролог профессорду толук изилдөөгө жиберген. Анын жыйынтыгында профессор жаш кезинен эле тукумсуз экени аныкталган. Буга ишенбеген киши башка клиникаларга да анализ тапшырган, бирок жыйынтыгы өзгөргөн эмес.

Айласы куруган профессор жубайын көзүнө чөп салды деп айыптап, ажырашууга арыз берди. Ал ошондой эле бардык балдарынан расмий түрдө баш тартууга ниеттенип жатат. Соттук териштирүүдө дарыгерлердин консилиуму өтүп, кишинин мурда эле тукумсуз болгонун тастыкташкан.

Эркектер эмнеден улам тукумсуз болуп каларын адистер да айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0