Биологдор чычканга кишинин мээсинин кичирээк бөлүгүн салып сынашты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЧычкандар. Архив
Чычкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар алардын изилдөөлөрү регенеративдик медицинада төңкөрүш жасайт деген пикирде.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар чычканга кишинин мээсинин клеткаларын жайгаштырып, операция алардын жүрүм-турумуна кандай таасир бергенин изилдешти. Окумуштуулардын изилдөөсү Nature Biotechnology журналына жарыяланды.

Отработка действий на случай поступления больных, инфицированных Эболой - Sputnik Кыргызстан
Австралияда адамдын денесин "жеп" салчу жара эпидемияга айланды
Биологдор атайын жайда кишинин мээсинин клеткаларын жасмыктын (чечевица — ред.) көлөмүндөй кылып өстүрүп, чычканга салышкан. "Мини мээ" анын мээсинин функциясын жарым-жартылай алмаштырган. Нерв клеткалары жашап гана кетпестен, өрчүй дагы баштаган. 233 күндөн кийин анын түзүлүшү жана өнүгүүсү жаңы төрөлгөн баланыкындай болуп калган.

Кишинин мээси салынган чычкандар эч өзгөчөлөнгөн эмес. Алгач чычкандардын эске тутуусу жакшырганы менен кийин катардагы эле чычкандардын деңгээлине түшүп калган.

Окумуштуулар алардын изилдөөлөрү регенеративдик медицинада төңкөрүш жасайт деген пикирде. Илимпоздордун пикиринде келечекте атайын лабораторияда өстүрүлгөн мээни кишилерге салууга жол ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0