Төрөтканада алмашып кеткен ымыркайлар. Тайкы тагдыр, 30 жылдан кийинки табышуу

© AP Photo / Felipe DanaРаспространение микроцефалии в Бразилии
Распространение микроцефалии в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир кыздын көзү көк, чачы сары, экинчиси кара көз, кара чач болгондуктан айланасында күбүр-шыбыр кептерди жараткан.

БИШКЕК, 24-апрель. — Sputnik. Төрөт үйүнөн чыгып жатканда күмөн санаган эне эмизип чоңойткон кыз бөтөн, ал эми өз чүрпөсү бирөөгө кеткенин 30 жылдан кийин билди. Экинчи бүлөгө кеткен бейкүнөө кыз уккан киши көзгө жаш алчудай тагдырга кабылган.

Россиянын Челябинск райондук сотунун өкүмү менен бир жыл мурда өз ата-энесин тапкан тургундар — Екатерина Туганова жана Люция Рамазанова (Тулигенова) компенсация катары Россиянын финансы министрлигинен миллион рублдан алышканын РИА Новости жазып чыкты. 

© Фото / Илья Бархатов / 74.ruЕкатерина Туганова менен Люция Рамазанова райондук соттун жыйынында
Дело семьи Тугановых - Sputnik Кыргызстан
Екатерина Туганова менен Люция Рамазанова райондук соттун жыйынында

Тагдырды талкаган катачылык

Челябинск облусунун тургуну Зоя Туганова өмүр бою башка бирөөнүн баласын багып жүрөмбү деген түпөйүл ойдо жүрдү. Анын биринчи шектенүүсү төрөт үйүнөн чыгып келгенде эле пайда болгон. Себеби, кыздын көздөрү кара эле. Эне чогуу жаткан эки ымыркайдын фамилиялары Туганова менен Тулигенова болгондуктан, кыздар алмашып калышы мүмкүн деген ойго жетелене берчү.

Бул окуя 1987-жылы болуптур. Аял ал кездерди төмөнкүчө эскерди. 

© © Фото из личного архива Зои ТугановойЧелябинск облусунун тургуну Зоя Туганова өмүр бою бөтөн бирөөнүн кызын чоңойтуп жатам деп күмөнсүп келген
Дело семьи Тугановых - Sputnik Кыргызстан
Челябинск облусунун тургуну Зоя Туганова өмүр бою бөтөн бирөөнүн кызын чоңойтуп жатам деп күмөнсүп келген

"Ошол учурлар майда-чүйдөсүнө чейин эсимде. Анализдерим жакшы чыкканына карбай, эмнегедир патология бөлүмүнө чакырышты. Кызымдын жүрөк оорусу бар экенин айтышты. Бул жерде бир нерсе болуп кеткенин сезгем. Ошол күнү төрөгөн жаш эне менен таанышып, ымыркайыды көрсөтчү десем, эмнегедир кача баштады. Албетте, мен да күдүк ойго жетеленип, кызык абалда калдым. Мунумду дарыгерлерге айтсам, төрөттөн кийинки стресс деп маани бербей коюшкан", — деди Туганова.

Аялдын ичинде жүрөктү түпөйүл кылган ою кала берсе да, баланы өз чүрпөсүндөй, эч нерседен кем кылбай, камкордукка бөлөп чоңойткон. Төрөт үйүндө бул ишти териштирип, алар өздөрү кайрылчудай сезиле берчү ага. Бирок бирөө-жарым да басып келген эмес

Тегеректегилер да кызы ата-энесине окшошпогонун кеп кылып жүрдү.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлдү деген бала тирилгенде ... Волгограддагы окуя
"Ал убакта мен поездде кондуктор болуп иштечүмүн. Эл оозунда элек жок эмеспи, айланамдагылардан "ары-бери каттап жүрүп, башка эркектен боюна болуп калган" деген сөздөрү да угуп калдып жүрдүм. Менин бактыма, күйөөм Катяны жакшы көрүп чоңойтту. Кызым мага караганда атасына жакын эле. Акыры моюн сунуп отуруп калдык. Экинчи үй-бүлөнү кайдан издешти да билген жокпуз. Ал кезде ДНК экспертизасы дагы жок болчу", — деп айтып берген Туганова РИА Новостинин кабарчысы менен болгон маегинде.

Екатерина бул кабарды укканда чалкасынан кеткен.

"Катя акырына чейин анын энеси башка экенине ишенген эмес. Ал тургай биринчи укканда жүрөгү кармап, Тез жардам чакырышкан. Күйөөмдүн өлүмүнөн кийин акырындап өзүмө келе баштаганда ушундай кабар уктум", — деп билдирет Туганова.

Убакыт өтүп жатты. Ата-энеси Катянын жүрөгүнө операция жасатат. Тарбиялуу кыз болуп чоңоюп, жакшы билим алып, темир жолго диспетчер болуп орношот. Турмушка чыгып, бирок күйөөсү менен оту күйүшпөй ажырашып кетиптир. Учурда Магнитогорскиде батирде жашап, отуз жаштагы келин баласын жалгыз тарбиялайт экен.

Интернат, өгөйлөнгөн сары кыз…

Нежелательная беременность в КР - Sputnik Кыргызстан
Толгоону жеңилдетүү жана төрөттөн кийин тез тыңуунун жолдору. Гинеколог менен маек
Алмашып кеткен берки ымыркай Люциянын тагдыры Катяныкы сыяктуу сыдыргыга салгандай болгон жок. Алыскы башкыр айылдарынын биринде көп балалуу жакыр үй-бүлөдө чоңойду. Тое тамак жебей, өз убагында дарылана алган эмес. Анын кесепетинен кулагы жакшы укпай калыптыр. Энеси аракты көп ичип, балага көңүл бөлүнбөй калган. Ал эми атасы кошунасын өлтүргөнү үчүн түрмөгө түшөт. Акырында алар ата-энелик укуктан ажыратылып, кыз интернатка жеткирилет.

Люция интернаттан үйүнө кайтып келгенде ата-энесинин көзү өтүп, айылдагы коңшулары үйүн талап-тоноп кетишкен экен. Андыктан Челябинск облусундагы Киржакуль айылында жашап, турмушка чыгып, үч балалуу болот. Фамилиясын Рамазанова кылып өзгөрткөн.

"Люция бул жакта өмүр бою чоочун болуптур. Бир айылда көк көздүү, сары чачтуу, орус түспөл кыз жалгыз болгондуктан, айланасындагылар анын башка экенин кез келгенде жерде басым жасап айтып, өгөйлөп келишкен экен", — деди Туганова.

Екатерина энесинин күдүктөнүп жүргөнүн ары же бери кылуу максатында 2017-жылы социалдык тармак аркылуу Люцияны таап, ага ДНК анализин жасатуу сунушун жасаган. Эне жүрөгү сезгич! Анализ Туганованын кызы Катя эмес, Люция экенин аныктап берди.

Жүрөк ооруткан, кайдыгерликтен жабыр тарткан бул тагдыр ээлери акыры иштин аягына соттун жардамы менен чекит коюну чечишет.

Жактоочу жалдап, териштирүү башталат.

"Бактыга жараша, төрөт үйүндө алардын алгачкы документтери сакталып калыптыр. Анда кыздар 1987-жылдын 29-январында бир төрөт үйдө жарыкка келгени жазылган. Бул генетикалык экспертизадан сырткары, алар алмашып кеткенин далилдеп, моралдык зыян үчүн айып тарттырууга жардам берет", — деди юрист Андрей Маркин.

Күнөөлүүлөр жазасын алдыбы?

Екатерина жана Люция облустук перинаталдык борбордон 10 миллион рубль айып төлөөнү сурашкан. Бирок сот төрөт үйүн эмес, Финансы министрлигин жоопкер болот деген чечим чыгарган.

"Моралдык зыян боюнча сотко жазылган арыз жарым-жартылай канааттандырылган. Советтик төрөт үйү үчүн Россия Федерациясы жоопкерчилик тартып, Финансы министрлиги арыз берүүчүнүн ар бирине миллион рублден айып салды", — деп айтып берди Маркин.

2017-жылдын жай айларынын акырында адвокат Туганованын арызы боюнча да иштеген. Ал кыздары сыяктуу эле 10 миллион рубль талап кылган. Бирок даттанууга мүмкүн болгон эмес.

Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу аялды коштоп жүргөн доула деген ким?
"Соттун чечими жетишсиз деп эсептейбиз. Тагдырларыбыз, тарткан кыйынчылыктар 10 миллион рубль дагы жеңилдете алмак эмес", — деди Маркин.

Учурда үй-бүлө Финансы министрлигинен компенсация күтүп жатат. Алмаштырылган кыздар каражатты жашоо-шартты оңдоо үчүн жумшоону пландашууда. Люция балдарынын жакшы билим алышы үчүн Челябинскиге көчүп келүү ниетинде. Кыз үй-бүлөсү менен энесине тиешелүү, бирок учурда улуу агасы жашап жаткан батирге жашоону пландап жатат. Ал эми эркек бир тууганына башка үй сатып берүү жагы каралууда.

"Люция жакшы үй-бүлөгө кабылбаганы жүрөктү оорутат. Кыйын турмушта, тагдырдын урду-соктусу менен чоңойду. Бирок ал жакшы жашоого, бактылуу балалыкка укугу бар эле", — деди Туганова.

30 жыл жүрөктөгү түпөйүл бир ой менен жашаган аял чүрпөсүн таап, эки кыздуу болгонуна каниет кылса, бир жагынан Люциянын азаптуу балалыгы үчүн жүрөгү ооруганын айтып берди.

Буга чейин эки эне кыздары төрөт үйдө алмашканын 40 жылдан соң билген.

Жаңылыктар түрмөгү
0