Окумуштуулар колду кыса кармоо менен акылдын байланышын табышты

Жазылуу
Колду катуу кыскандар карыганда дагы акылы тунук болорун окумуштуулар белгилешкен

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Манчестер университетинин окумуштуулары колду катуу кыскандар башкалардан акылы менен айырмалана турганын аныкташты. Мындай кишилер карыганда дагы акылынын тунуктугу менен өзгөчөлөнөрүн Daily Mail басылмасы билдирди.

"Булчуңдун күчү менен акылдын тунуктугунун байланышы бар экенин көрүп жатабыз. Азыр биз булчуңдарды чыңоо ыкмасы менен мээни дагы өнүктүрө алабызбы деп изилдеп жатабыз", — деген пикирин изилдөө тобунун мүчөсү Жозеф Ферт айтты.

Окумуштуулардын айтымында, колду акырын кыскан кишилер башкаларга салыштырмалуу интеллекти төмөн экени байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0