Time журналы дүйнөнүн эң таасирдүү 100 адамын атады

© REUTERS / Jonathan ErnstПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады.

Американын Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу журналдын расмий сайтында жазылган.

Басылма таасирдүү адамдарды "Новатор", "Маданият өкүлдөрү", "Лидерлер", "Кумирлер" жана "Алп адамдар" деген категорияларга бөлгөн. Жеңүүчүлөрдүн толук тизмеси сүрөттөрү менен кыска видео болуп да жарыяланган.

Дүйнөлүк лидерлер категориясына АКШ президенти Дональд Трамп, Британиянын ханзаадасы Гарри жана келинчеги Меган Маркл, Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Кытай башчысы Си Цзиньпин жана башкалар кирген.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы Кыргызстанды бизнес кылууда эң начар өлкөлөрдүн катарына кошту
Маданият өкүлдөрүнүн тизмесинде актриса Николь Кидман, актер Хью Жекман, ырчы Шон Мендес сыяктуу маданият ишмерлери бар.

Ал эми новаторлордун катарынан америкалык актриса Тиффани Хадиш, НАСАнын аял астронавты Пегги Уитсон, түштүк африкалык комик Тревор Нойлорди көрүүгө болот.

"Кумирлер" категориясына ырчы Женнифер Лопес, Рианна, жазуучу Кевин Кван, ырчы Кеша, америкалык фигурист Адам Риппон жана башка белгилүү адамдар илинген.

"Алп адамдар" делип америкалык теле алып баруучу Опра Уинфри, Amazon онлайн дүкөнүнүн негиздөөчүсү Жефф Безос, теннисчи Роджер Федерер аталды.

Американын Time журналы 1923-жылдан бери ар жума сайын чыгарылат. Ал дүйнөдөгү номур биринчи жаңылыктар басылмасы деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0