Куурчак киши 40 миң долларга алдырган эки кабыргасын уурдатып ийди

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүХирургдар операция учурунда. Архив
Хирургдар операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилиялык эркек киши белинин 50 сантиметр болушун кыялданганын айтып берди.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Сырткы келбети мультфильмдеги Кен аттуу куурчакка окшоп калган бразилиялык Родиго Алвес операция жолу менен эки кабыргасын алдырып салгандан кийин азап тартып жатканын айтты. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

"Күндө кечинде оору менен алышам. Ага чыдаса болот, бирок мен эмне себептен мындай кадамга барганыма түшүнбөйм. Эми менин белимде эки тырык бар, анткен менен кымча бел болбой калганыма аябай ызаланып жатам", — деп айткан 34 жаштагы Алвес.

Ал белинин 50 сантиметр болушун кыялданган. Мындай кыялына жетүү үчүн 40 миң доллар короткон. Эми ал корсет кийип жүрүүгө мажбур болуп калды.

"Мен корсет кийгенде гана өзүмдү келбеттүү сезем. Аны чечээрим менен денем кайра мурунку формасына түшүп калат", — деди өкүнгөн Алвес.

Ошондой эле ал алдырган кабыргаларын операция залында уурдатып ийгенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0