Кытай: окумуштуулар 2000 жыл мурдагы имараттын урандысын тапты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрхеологические раскопки в Зарядье
Археологические раскопки в Зарядье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылган урандылардан улам окумуштууларга калаанын ошол учурдагы түзүлүшүн изилдөөгө мүмкүн болгон.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кытайлык археологдор Ляонин провинциясынын түндүк-чыгыш тарабын казуу учурунда жашы болжол менен эки миң жылга чукул ири имараттын калдыктарын таап алышкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Пирамиды и Большой сфинкс в Гизе - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: байыркы Египеттеги пирамидалар курулушунун сыры калган жок
Казуу иштери Фусинь деп аталган эл жашаган жайдын жанында болгон. Маалыматта Хань династиясынын (б.з.ч. 202-220-жылдары) учурунда аскердик жай жайгашкан. Бул иштер 2014-жылы октябрда башталып, анын аянты 850 чарчы метр болгон.

Окумуштуулар анда курулуштун жерпайын, дубалын, кудук тапкан. Мындан сырткары, ушул эле райондон темир, чопо жана колодон жасалган 500дөй артефактылар табылган.

Археологдордун шаардын коргоочу системасы бузулганын аныктап чыгышты. Табылган урандылардан улам окумуштууларга калаанын ошол учурдагы түзүлүшүн изилдөөгө мүмкүн болгон.

Буга чейин Египеттеги жер алдындагы күмбөздөн 17 мумия табылганы кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0