Лавров: Путин да, Трамп да кагылышууларга жол бербейт

© REUTERS / CARLOS BARRIAРоссиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушуу учурунда. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лавров Москва Вашингтондун Россияга каршы иш аракеттерине жооп берип турарын белгилеп, бирок анчейин орой кетпээрин айтты.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Путин да, Трамп да эки тараптуу кагышууларга жол бербейт. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров РИА Новостиге маек берип жатып Россия менен АКШнын ортосунда аскерий тирешүүлөрү боюнча кеп козголгондо айткан. 

Лавров Москва Вашингтондун Россияга каршы иш аракеттерине жооп берип турарын белгилеп, бирок анчейин орой кетпээрин айтты. 

"Мен 100 пайыз ишеним менен айта алам, президент Путин да, президент Трамп да мындайга жол бербейт. Канткен күндө да алар эл тарабынан шайланган лидерлер. Өз элинин астында алардын тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн жооп берет”, — деди Лавров. 

Маек толугу менен РИА Новости сайтына жарыяланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0