Учактарда эми туруп алып учууну каалагандар үчүн орундар пайда болот

Жазылуу
Жаңы отургучтарды жасоо иштери 2010-жылдары эле башталган

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Италиянын Aviointeriors фирмасы учакта туруп учууну каалагандар үчүн атайын отургучтарды жасады. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы билдирди.

Жаңы отургучтардын дизайны ээрди элестет. Кишинин жөлөнгөндө ыңгайлуу болуусу үчүн отургучтун үстү жумшак материал менен капталат.

Дизайнды иштеп чыгуу 2010-жылдан бери улантылып, акыркы варианты Гамбург шаарындагы Aircraft Interiors Expo көргөзмөсүндө элдин назарына сунушталган. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, жаңы отургучтар учурда колдонулуп жаткандардан бир кыйла жеңип жана аз орунду ээлегендиктен жүргүнчүлөрдүн санын 20 пайызга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

​Учурда жаңы отургучтарга Колумбиянын VivaColumbia авикампаниясы менен Ryanair лоукостер компаниялары кызыгуусун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0