Трамп эми чет өлкөлөргө аскердик күч колдоно албай калышы мүмкүн

© REUTERS / Jonathan ErnstПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын сенаторлору мындай демилгени аталган өлкө Сирияга чабуул койгондон кийин көтөрдү

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШнын сенаторлору президент Дональд Трамптын чет өлкөлөрдөгү террорчуларга каршы аскердик күч колдонуу укугун чектөөгө аракет кылып жатат. Бул туурасында "Известия" басылмасы билдирди.

Саясатчылар мындай чечимдер боюнча конгресстин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө ниеттенип жатат. Бул туурасында Эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы Боб Коркер айтып берген.

"Бир нече жылдан бери бул укуктарды жаңылоо боюнча аракеттер болуп келген. Комитет карай тургандай кылып макулдашканыбызга канааттанып турам. Келерки аптада биздин комитетте сунуштарды жана киргизиле турган өзгөрүүлөрдү чыдамсыздык менен күтүп жатам", — деген Коркер.

Комитет жетекчиси террорчулук менен майнап чыга тургандай кылып күрөшө турган консенсуска жетүүгө жана конгресстин таасиринин күчөшүнө үмүт артып турганын айтты.

Президенттин 2001-2002-жылдан бери келе жаткан чет өлкөлөргө аскердик күч колдонуу укугун өзгөртүүнү сенаторлор АКШ, Франция жана Улуу Британия 14-апрелде Сирияга сокку ургандан кийин чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0