Митингчи жигит аткаминердин унаасына жабышып, 4 чакырым жол жүрдү. Видео

Жазылуу
Чиновник митингге ажаткана куруп берүүнү суранып чыккан элдин талабын аткарбай койгон.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Индиянын Барели шаарында митингге чыккандардын бири эл менен жолугушууга келген чиновниктин унаасынын капотуна жабышып, төрт чакырым жүргөнүн CGTN телеканалы билдирди.

Китаец прокатил бывшую девушку и ее ухажера на капоте авто — видео - Sputnik Кыргызстан
Мурунку аялынан качып жүргөн кытай жараны аны жигитине кошуп капотто сүйрөдү. Видео
Телеканалдын айтымына караганда, ажаткана куруу планга туура келбегендиктен жергиликтүү чиновниктер митингге чыккан элдин суранычын аткаруудан баш тартышкан. Мындай жоопко ынанбаган митингчилердин бири чиновниктин автоунаасынын капотуна жармашып, аны токтотууга аракет кылган.

Унаага жармашып алган жигит аткаминер менен урушуп, телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшүүгө да жетишип, акыры автоуна жол тыгынына кабылып токтогондо капоттон түшкөн.

Негизи капотко жаткырып сүйрөө чанда кездешкен көрүнүш эмес, мындай окуялар бизде деле болгон. Былтыр май айында Баткенде милицияны капотко жаткырган бойдон сүйрөп кеткен видео тараган. Андан бир ай мурун ушундай эле видео Бишкек шаарында тартып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0