Өспүрүм Балтика көлүнөн миң жыл мурунку кенчтин табылышына себепкер болду

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүКлад монет на выставке в ГИМ
Клад монет на выставке в ГИМ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын 13 жашта экени айтылды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Онунчу кылымдын экинчи жарымына таандык болгон кенч Рюген немис аралындагы Балтика көлүнөн табылганын РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, өткөн жумада табылган кенчтин ичинде 600дөй күмүш буюм-тайымдар бар. Арасынан тыйын, зер буюмдарды да кездештирүүгө болот.

"Табылган тыйындардын 100гө жакыны Дания менен Норвегиянын королу Харальд Iдин тушунда чегилген. Бул кенч түштүк Балтикадагы ири табылга болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Ири байлыктын табылышына археология сүйүүчү менен 13 жаштагы бала себепчи болгон. Алар январь айында аталган аймактан биринчилерден болуп күмүш тыйындарды таап алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0