Дүйнөдө төгөрөгү төп келген пляждар кайда экени айтылды

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүОтель Meeru Island Resort & Spa на Мальдивах
Отель Meeru Island Resort & Spa на Мальдивах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испаниянын жарым миңден ашуун пляжы эң таза деп аныкталгандыктан, көк желекке ээ болгон.

БИШКЕК, 17-апр. – Sputnik. Экологиялык билим берүү фондусу (FEE) дүйнөдөгү эң таза деген пляждардын рейтингин түзүп, сап башына Испания менен Грецияны койгон. Бул туурасында РИА Новости "Евро-Пульс" сайтына шилтеме кылып билдирди.

Тоодогу турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымыз ичип, тоо аралап ат минем! Кыргызстандыктар кызыккан эс алуунун түрлөрү
Испаниянын 579 пляжы эң таза деп аныкталгандыктан, көк желекке ээ болгон. Ал эми Грецияда – 466 жээкке төгөрөгү төп келген деп баа берилди. Үчүнчү орунга Түркия чыккан. Ал эми төртүнчү — Франция, бешинчи — Италия болду.

Көк желек суусу, жээги таптаза болуп, эл үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн деген жогорку баага татыган жайларга берилет.

Ал эми Жер шарын кыдырган немис саякатчылары Мартин менен Каро Мертен Кыргызстандын ажайып жаратылышы тууралуу ролик тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0