Франция президенти Макрон коалиция Сириядан качан кете турганын айтты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЗаседание Совета Европы в Брюсселе
Заседание Совета Европы в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин жоопкерчилик "Ислам мамлекетинен" да ары тереңдеп кетти деген өлкө башчы.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Эл аралык коалициянын Сириядагы аскердик милдеттери "Ислам мамлекети" тероордук уюмдары менен согуш бүткөндө аяктайт, мындан сырткары, Сирияны калыбына келтирүү жоопкерчилиги турат. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон айткандыгын РИА Новости жазды.

Ал жогорудагы пикирин Жаңы Зеландиянын премьер-министри менен жолугуп жатканда билдирген.

"Аскердик аракеттер "Ислам мамлекети" террордук уюмдарына каршы жасалууда. Алар милдетинин аягына качан гана бул террордук уюм менен күрөш бүткөндө чыгат. Франция да ошондой эле (АКШ сыяктуу – ред.) маанайда. АКШ туурасында да айта кетсем. Алар операцияларды жүргүзүү чечимин биз менен кошо кабыл алгандыктан, биздин жоопкерчилик "Ислам мамлекетинен" да ары тереңдеп кетти. Бул аталган өлкөдөгү гуманитардык жана тынчтыкты кайра ордуна келтирүү жоопкерчилиги", — деген Макрон.

Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Сирияга эмнеге кол салганын айтты... 100 ракета, 6 жай жаран
14-апрелдин таңында АКШ, Улуу Британия жана Франциянын куралдуу күчтөрү Сириядагы объектилерге абадан сокку урган. Жалпысынан 103 ракета чабуул койсо, алардын 32си мелжеген жерине жеткен. Биринчи сокку изилдөө борборуна, экинчиси алар зарин заты сакталып турган деп эсептеген "химиялык куралдардын кампасына" жасалган.

Көп өтпөй үч мамлекеттин Сирияга болгон чабуулунун алгачкы видео, сүрөттөрү чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0