Окумуштуулар үй-бүлөлүк бактылуу турмуштун сырын ачышты

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын көтөрүп турган киши. Архив
Кызын көтөрүп турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр экспериментке 24 жаштан 89 жашка чейинки үч миңден ашык кишини тарткан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Американын Жоржия университетинин окумуштуулары бактылуу үй-бүлөлүк турмуштун сырын ачышты. Алардын изилдөөсү Social Science Research илимий журналына жарыяланган.

Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Конспирологдор акыр заман качан болорун боолголошту
Ага ылайык, орточо айлык алган жуптар башкаларга салыштырмалуу бактылуу жашайт. Мындай жыйынтык чыгаруу үчүн окумуштуулар 24 жаштан 89 жашка чейинки 3,5 миң кишини сурамжылоого алышкан. Алар бойдоктор, жаш жубайлар жана көп жылдан бери чогуу жашагандар деп тайпаларга бөлүнгөн.

Изилдөөдө окумуштуулар орточо айлык алган жуптар башкаларга салыштырмалуу бактылуу жана мамилеси чың болорун аныкташкан. Мындай үй-бүлөлөр бири-бирине кам көрүп, тапкан айлыгын чогуу-чаран бөлүштүрүшөт.

Ошондой эле жалгыз бой жашагандар мамиле куруп жүргөндөргө караганда депрессияга көп түшөрү белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0