БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын резолюциясын кабыл албай койду

© REUTERS / EDUARDO MUNOZЗаседание Совета Безопасности ООН по инициативе Москвы
Заседание Совета Безопасности ООН по инициативе Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Россия Сирия мамлекетине АКШ жана анын тарапташтарынын агрессиялык кыймылын талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүгө чакырган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россиянын Сирияга карата жасалып жаткан агрессияны токтотуу резолюциясы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди азапка салып жатышат! Путин Сирияга кол салуу боюнча үн катты
Эскерте кетсек, 14-апрелге караган түнү АКШ, Франция жана Улуу Британия Сирияга чабуул жасап, бир нече ракета учурган. Вашингтон бул кадамды “Сириянын Дума шаарына жасалган химиялык чабуулуна жооп” деп түшүндүрдү.

Бүгүн Россия Сирия мамлекетине АКШ жана анын тарапташтарынын агрессиялык кыймылын талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүгө чакырган.

Анда резолюцияны кабыл алууга Россия, Кытай менен Боливия макул болгон. Сегиз мамлекет каршы пикирин билдирсе, дагы төрт өлкө калыс экенин айткан. 

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Сирияга кол салган мамлекеттер эл аралык укуктун маанисин бурмалап жатканын белгиледи.

“Эл аралык укукка үстөмдүк эле кылбастан, силер аны кайра жазып чыгууга аракет кылып жатасыңар. Эл аралык укукту бузсаңар да өз аракетиңердин мыйзамдуу экенин таңуулоодосуңар”, — деди ал. 

Небензя АКШ, Британия жана Франция дүйнөлүк саясат менен дипломатияны өздөрү эле ойлоп тапкан уламыш сазына батырып жатканын, минтип кете берсе абсурдга чейин жетерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0