Аракты сиңирип кетээр алыңды билип ал. Окумуштуулардын изилдөөсү

© AFP 2023 / CHARLY TRIBALLEAU Сыра ичип жаткан адамдар. Архив
Сыра ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын саламаттыгына жетиштүү, андан ашырбаш керек деген көлөм — аптасына ичилген 100 грамм таза спирт экени айтылды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Британиянын жүрөк оорулар фондусунун жүргүзгөн изилдөөлөрүндө окумуштуулар ичкиликтин адамдын ден соолугуна зыян келтирбей турган көлөмүн аныктап чыккан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Международный кулинарный турнир поваров-юниоров - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар тамакты мүнөздөп ичүү жашоону узартарын далилдешти
Адамдын саламаттыгына жетиштүү, андан ашырбаш керек деген көлөм — аптасына ичилген 100 грамм таза спирт экени айтылды. Бул салыштырып карай келсек, күчтүү беш кружка сыра же 875 миллилитр шарапка (кубаттуулугу 13 пайыз) барабар дешти.

Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, эгерде мындан эки эсе көп ичсе, өмүр 1-2 жылга кыскарат экен. Эгерде 2,5 эседен дагы көбүрөөк ууртап-татса жашоонун 4-5 жылы кетерин маалымдалды.

"Башкысы, бул изилдөө эмнеге басым жасап жаткандыгында. Эгерде арак-шарап ичип жүрсөңүз, аны азайтыңыз. Муну менен сиз жүрөк-кан тамыр ооруңузду басаңдатасыз", — деди Кембридж университетинин изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Анжела Вуд.

Окумуштуулар иш учурунда дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 600 миң адамдын жүрүм-турумун, адаттарын изилдеген.

Илимпоздор буга чейин аракечтиктен арылуунун жаңы жолун тапканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0