Стамбулда аялдар "мечитте эркектер менен чогуу намаз окуйбуз" деп акцияга чыкты

© AFP / PETER STEFFEN / DPAМечиттеги аялдар. Архив
Мечиттеги аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай нааразычылыктар мечитин негизги залына кирип, эркектер менен чогуу намаз окууга аракет кылган аялды сыртка кууп чыккандан кийин башталган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Түркиянын борбору Стамбулда аялдардын мечитте эркектер менен кошо намаз окуусуна салынган тыюуга каршы нааразычылык акциясы башталды. Бул туурасында BBC телеканалы билдирди.

Мечитте аялдардын намаз окушу үчүн эркектердин жана имамдын жүзү көрүнбөгөн атайын бөлмө бар. Бирок айрым мусулман аялдар буга каршы чыгууда. Нааразычылык акциясына чыккандар тобу менен мечитке келип негизги залда намаз окууга аракет кылууда.

"Чоочун эркек менен жанаша отуруп окуп, иштесем болот, ал эми мечитке кирсем кууп чыгышат. Эмнеге сыйынууга келгенде башкача болуп калышы керек. Кээде мен намаз окууга жай таппай калам, мечитте намаз окуунун ырахатын сезе албайм", — деп айткан нааразы болгондордун бири.

Мындай нааразычылыктар өткөн айда болгон чуулуу окуядан кийин башталган. Анда мечиттин негизги залына кирип, эркектер менен чогуу намаз окууга аракет кылган аялды сыртка кууп чыгышкан. Мындан улам ага нааразычылыктар күчөп, ошол мечитке 40 аял топтошуп келип башкы залда намаз окушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0