Сенатор Кейн: Трамп бүгүн Сирия, эртең Иран десе эмне болот? Пикирлер

© REUTERS / OMAR SANADIKIРакетные удары по Сирии военными США, Великобритании и Франции
Ракетные удары по Сирии военными США, Великобритании и Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Баш мыйзамынын 1-беренесинде согуштук аракеттерди баштоого президентке Конгресс макулдук бериши керек деп жазылган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШ баш болгон үч мамлекеттин Сирияга сокку урушу тууралуу коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Ирандын руханий лидери Али Хаменеи бул окуяга байланыштуу АКШ, Франциянын президенттери менен Британиянын өкмөт башчысын кылмышкер деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Мен АКШ, Франциянын президенттери менен Британиянын өкмөт башчысын кылмышкер деп айтмакчымын", — деди Ирандын руханий лидери.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди азапка салып жатышат! Путин Сирияга кол салуу боюнча үн катты
Ал эми Британиядагы оппозициянын лидери Жереми Корбин Лондон Вашингтонду ээрчип кетпеши керек эле деген сын-пикирин айткан.

"Бомба өмүрдү сактабайт, тынчтык алып келбейт… Британия Вашингтонду ээрчип кетпей, британиялык аскерлердин өмүрүн кооптуулукка кептебей, жараштыруу боюнча негизги ролду ойношу керек эле", — деген Корбин.

Ал премьер-министр абадан сокку ураардын алдында парламенттин колдоосун алышы керек болчу деп кошумчалады.

Сенатор: конгресс уруксат берген жок

Дагы бир сенатор Тим Кейн согуштук бул кадамдар мыйзамсыз деп эсептейт.

"Трамптын Сирияга каршы абадан сокку жасоо чечими Конгресстин макулдугу берилмейин мыйзамсыз деп эсептелет. Биз президенттердин колуна согуш ачуунун тизгинин толук карматпашыбыз керек. Бүгүн Сирия, а эртең Иран же Түндүк Кореяны бомбалайм десе, аны ким токтотот?", — деп суроо салган Кейн өзүнүн Twitter баракчасында.

Кейн 2016-жылы АКШдагы Демократтар партиясынан вице-президенттикке, ал эми Хилари Клинтон президенттикке ат алышкан.

АКШнын Баш мыйзамынын 1-беренесинде согуштук аракеттерди баштоого президентке Конгресс макулдук бериши керек деп жазылган. Анткен менен аталган мамлекеттин Коргоо министри Жеймс Мэттис Сирияга кол салууну Конституциянын 2-беренесине ыкташтырган. Президентке АКШга "кадыресе эле кооптуулук" жаралса, ага реакция кылууга, анын ичинде аскерий жол менен жооп берүүгө укук берилет деген жүйөнү бетине кармаган.

Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Сирияга эмнеге кол салганын айтты... 100 ракета, 6 жай жаран
14-апрелдин таңында, Бишкек убактысы боюнча эртең менеки саат жетиде АКШ баш болуп Улуу Британия, Франция абадан Сирияга чабуул койду. Батыш коалициясы бутага "химиялык куралдарды жасаган жана изилдеген борбору" алынганын айтты. Үч өлкө жүздөн ашуун канаттуу жана "аба-жер" деп аталган ракеталарды учурган. РФтин Коргоо министрлиги алардын көбүнүн мизи кайтарылып, мээлеген жерине түшпөй калгандыгын билдирди. Сириянын абадан коргонуу боюнча күчтөрү кол салгандарга каршы мындан 30 жыл мурда Советтер Союзунда жасаган куралдарды колдонгондугу маалымалды.

Буга кошумча үч мамлекеттин Сирияга болгон чабуулунун алгачкы видео, сүрөттөрү чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0