АКШ Сирияга эмнеге кол салганын айтты... 100 ракета, 6 жай жаран

© REUTERS / Shailesh AndradeДамаск шаары, Сирия. Архив
Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияда таңда башталган соккуга АКШнын билдирүүсүнө караганда Улуу Британия менен Франция катышып жатат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШ, Улуу Британия менен Франция Вашингтон убактысы боюнча 21.00дө (Бишкек убактысы менен 7:00дө) Сирияны аткылай баштады. Бул туурасында АКШнын штаб начальниктеринин комитетинин бирикмесинин төрагасы Жозеф Данфорд брифингде билдирди.

Трамптын элге кайрылуусу

Трамп Сирияга эмне үчүн кол салып жаткандыгын жума күнү кечинде айтып, президент Башар Асад башында турган бийлик химиялык курал колдонду деген кине койду.

Сирияга таңда башталган соккуга АКШ, Улуу Британия менен Франция катышып жатат.

"Өткөн жумада Асаддын режими күнөөсүз адамдарды өлтүрүү үчүн кайрадан химиялык куралды Дума шаарында колдонду….Цивилдүү, өнүккөн мамлекеттер химиялык куралды токтотуу максатында бүгүн бириктик", — деп айткан Трамп телеканалар аркылуу элге кайрылуусунда.

АКШ президенти Сириянын өзү болжолдоп жаткан химиялык куралдар боюнча аракеттерине каршы чараларды көрүүгө убада берди.

Россия кулак кагыш кылган

Ал эми Россиянын ТИМи сириялык аскер күчтөрдүн ууландыруучу заттарды колдонду деген маалымат — террорчуларды калкалоо жана сырттан жасалуучу чабуулдарды актоо аракети деген.

Алеппо шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия ТИМи Сириядагы химиялык чабуул жасалма экенин айтты
Россиянын Генералдык штабы 13-март күнү эле террорчулар Сириянын Чыгыш Гутасында чагымчылдык кылып, химиялык чабуул боюнча жасалма фактыларды даярдап жатканын айткан.

РФтин Коргоо минстрлигинин өкүлү Игорь Конашенков жума күнү брифингде жалпыга маалымдоо каражаттарына Сириянын Дума шаарында "жабырлангандар жана аларга жардам берип жаткан" видео жасалма экендигин айтты. Анын айтымында, бул жасалма окуяны уюштургандар табылып жана анын кантип жасалгандыгын айтып да беришкен.

Сирия жөн калган жок…

Сириянын абадан коргонуу техникалары мамлекетине урулган соккуга жооп кайтарып, 13 ракетаны атып түшүрдү. Бул туурасында аталган өлкөнүн САНА деп аталган мамлекеттик агенттиги кабарлады. Ал эми РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянып анын саны 20га чукулдап барганын айтты.

Франция менен Улуу Британия үн катты

Отравление экс-офицера ГРУ Сергея Скрипаля в Британии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россиянын Скрипалдын ууланышы боюнча билдирүүсүн колдоду
Елисей сарайынын билдиргенине караганда, Франция президенти Эммануэль Макрон АКШ менен Улуу Британияга кошулуу үчүн атайын аскер бөлүгүн түзүүгө буйрук берген. "Биздин операция химиялык куралдарды түзүп жана колдонууга мүмкүнчүлүк берип жаткан Сирия өкмөтүнүн объектилерине сокку уруу менен чектелет", — деп айткан Макрон.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Сирияга чабуул коюу боюнча Королдуктун куралдуу күчтөрүнө тапшырма бергендигин алардын өкмөтү билдирди. Өкмөт башчы жасалып жаткан аскердик кадам Улуу Британиянын улуттук кызыкчылыктарына туура келерин айткан.

"Бул жарандык согушка кийлигишүү же режимди алмаштыруу тууралуу кеп жок. Сокку Дамаскты тизгиндөө иретинде жасалды", — деген ал.

Ажал издеген канаттуу ракеталар

Соңку маалыматтарда аталган үч мамлекет Сирияга канаттуу жана "аба-жер" тибиндеги 100 ракета учурган.

Кабарларда бул ракеталардын бир катары аскерий жайларга эмес, изилдөө борборун талкалап жатканы айтылууда.

Сириянын коопсуздук органынын өкүлү РИА Новостиге аскер кампаларын аткылоодо Хомс провинциясынын алты жай жараны жабыркагандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0