Россия ТИМи Сириядагы химиялык чабуул жасалма экенин айтты

© AFP / AMMAR SULEIMANАлеппо шаары. Сирия. Архив
Алеппо шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптанын аягында Батыш өлкөлөрү Дамаск Дума шаарына химиялык чабуул койду деп айыптап, муну Москва төгүндөп чыккан

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Сириянын Дума шаарына жасалды деп жаткан химиялык чабуул жасалма болгон. Буга Москванын далили бар экенин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Министрдин айтымында, "буга Россияга каршы кампаниянын ана башында тургусу келип жаткан мамлекеттердин биринин атайын кызматтарынын колу тийген". Ал кошумчалагандай Сирияга химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун адистери учуп кетишти.

"Бул топ эртең менен Дамаскиге жетип, андан ары Дума шаарынабарат. Ага чейин аймакты изилдеген биздин адистер химиялык чабуулдун изин таба алган жок", — деди Лавров.

Эске салсак, өткөн аптанын аягында Батыш өлкөлөрү Дамаск Думага химиялык чабуул койду деп айыптап, муну Москва төгүндөп чыккан.

Россиянын Генералдык штабы 13-март күнү эле террорчулар Сириянын Чыгыш Гутасында чагымчылдык кылып, химиялык чабуул боюнча жасалма фактыларды даярдап жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0