Дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасына тартылгандардын саны азаюуда

© AFP / ARASH KHAMOOSHI / ISNAӨлүм жазасы. Архив
Өлүм жазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы өлүм жазасына тартылат дегендердин саны 3 117 болсо, былтыр бул көрсөткүч 2591ге кыскарды

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасына тартылсын деп өкүм чыккандардын саны 2017-жылы 20 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Amnesty International укук коргоо уюмунун маалыматына таянып РИА Новости агенттиги жазды.

"2016-жылы өлүм жазасына тартылат дегендердин саны 3 117 болсо, былтыр бул көрсөткүч 2591ге кыскарды. Бирок бул катарга Кытайда жазанын мындай түрүнө тартылгандар киргизилген жок. Анткени ушул убакка чейин Кытай бул маалыматты мамлекеттик сыр катары сактап келет", — деп айтылат макалада.

Өлүм жазасы аткарылчу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда өлүм жазасын аткаруунун жаңы ыкмасы ойлоп табылды
Ошондой эле өлүм жазасы боюнча өкүмү ишке ашкандардын саны дагы акыркы эки жылда суюла түшкөн. Мисалы, 2017-жылы 23 өлкөдө 993 адам кылган кылмышы үчүн өлүмгө моюн сунган. Бул 2016-жылга караганда 4 пайызга аз дегенди түшүндүрөт.

Кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу боюнча рекорд 2015-жылы (1989-жылдан кийин) коюлган. Анда дүйнө жүзү боюнча 1634 адам каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0