Адам кантип уктаганда түшү оңолору белгилүү болду

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүКроватьта отурган кыз. Архив
Кроватьта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай ыкмада көпкө чейин жатып уктайсыз, бирок жанчылып калгандай болуп турасыз

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Адамга чалкасынан жатып уктаган пайдалуу экендигин окумуштуулар аныктап чыгышты. Бул туурасында Science Alert жазып чыкты.

Проблема лишнего веса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар чөнтөк телефондун жанында уктоонун зыяндарын айтып беришти
Киши чалкасынан жатып уктаганда башы менен мойну оорубайт, себеби буралып, толгонуп калбайт. Кан айлануу, дем алуу бир калыпта болуп, түшү жакшырат. Анткен менен жер жүзүндөгү адамдардын сегиз пайызы гана чалкасынан жатып, калгандары капталдап же көмкөрөсүнөн түшүп укташат экен.

Альберт Эйнштейн атындагы колледждин түш боюнча адиси, окумуштуу Шелби Харрис адам чалкасынан жатып көнүшү керектигин айткан. Ал үчүн киши кечинде уктаар алдында эки капталына жана тизелеринин ортосуна жаздык коюп жатканы оң. Себеби бул кишинин капталына оодарылып кетишине жолтоо болот.

Эгерде киши таптакыр эле көнбөй койсо, кийиминин эки капталына муштумдай топту тигип алса болору кошумчаланган.

Буга чейин адам түш көрүп жатканда мээ кантип иштей тураганын айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0