БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. АКШда 20 адвокаттык топ YouTube компаниясы өспүрүмдөр боюнча маалыматтарды мыйзамсыз чогултуп жатканын жар салды. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Юристтер федералдык соода комиссиясын Google компаниясынын туунду компанияларын Интернетте балдардын укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамды кантип сактап жатканын текшерүүнү суранды. Мыйзам жашы 13кө жете элек балдар тууралуу маалымат чогултууга тыюу салат. Алар тууралуу маалыматты алуу үчүн ата-энесинен уруксат алуу кажет.
"Google компаниясы YouTube сайтындагы балдар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп, бир топ киреше тапкан. Маалыматты мыйзамсыз түрдө чогултуу бир нече жылдан бери жүрүп келген жана бул аракет миллиондогон балдардын укугун бузууга жатат", — деп айтылат юристтердин билдирүүсүндө.