Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 24 жылга соттолду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента РФ В. Путина в Дальневосточный федеральный округ
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Дальневосточный федеральный округ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура соттон экс-өлкө башчысын 30 жылга эркинен ажыратып, 118,5 вон (95 миллион долларга жакын) айып салууну суранган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Сеулдун борбордук соту Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хени 24 жылга эркинен ажыратты. Сот жыйыны өлкөдөгү ири телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлүп жатканын РИА Новости жазып чыкты.

Пак Кын Хе өткөн жылдын март айында кармалган. Ал коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик сырды ачуу сыяктуу 18 берене боюнча айыпталган. Прокуратура соттон эксөлкө башчысын 30 жылга эркинен ажыратып, 118,5 вон (95 миллион долларга жакын) айып салууну суранган.

Беспорядки в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Арасында эки кыргыз... Тактысын таштай өлкөдөн чыгып кеткен президенттер
Коррупция боюнча чуу 2016-жылы чыккан. Бир катар маалымат каражаттары Түштүк Кореядагы ири корпорациялар менен Samsung компаниясы өкмөттөн колдоо алыш үчүн Пак Кын Хенин жакын курбусу Цой Сун Силдин фондуна ири суммадагы каражаттарды которуп турганын жазып чыккан. Ошондой эле Цой Сун Силь мамлекеттик кызматта иштебесе дагы президенттик администрациянын ишине кийлигишип пайда көрүп турганы айтылат.

Эки жума мурда Цой Сун Силь 20 жылга эркинен ажыраган. Ошондой эле ал мамлекетке 18 миллиард вон (16,56 миллион доллар) төлөмөй болду.

Бул иш боюнча жалпысынан 30 адам айыпталууда. Алардын арасында Samsung корпорациясынын башчысы Ли Чжэ Ён дагы бар.

Өткөн жылдын май айында Түштүк Кореянын жаңы президенти болуп Мун Чжэ Ин шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0