Оюндан от чыга жаздаганда. Кишилерди поезддин алдынан тартып чыккан видео

Жазылуу
Видеодон платформанын кырында турган чоң эле балдар бири-бирин түртүп, күрөшүп ойноп жатып, келе жаткан поезддин алдына кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Алагүү болуп алган эки жигит метродо күрөшүп ойноп кетип, поезд келе жатканда рельске кулап түшкөн. Жүрөктөн суусун алган видео YoutTube каналга жарыяланды.

Окуя 1-апрелде Лондон шаарындагы Green Park станциясында болгон. Анда платформанын кырында турган чоң эле балдар бири-бирин түртүп, күрөшүп ойноп жатып, келе жаткан поезддин алдына кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Айланасында тургандар көз ачып жумганча кулап түшкөн экөөнү тартып чыгарып алууга жетишкен.

Шакылдап өтүп бара жаткан поезддин алдында бирөөнүн кийими кала берип, ал бир караганда киши сымал көрүнүп кетет. Окуянын күбөсү болгондордун бири эки жигит тең аман-соо экендигин, жан-жакадагылар алардын өмүрүн сактап калгандыгын айтып берди.

Ошол жерден турган кыз эки бала эч нерсе болбогон сымал поездге кирип, андан ары жолун улаганын, бирок поезд баары бир 15 мүнөткө кармалып турганын жазган.

Бул окуя жакшы аяктады. Ал эми жакында эле трагедия болуп, Бишкек — Мерке каттамы менен бараткан поезд илип кетип 15 метрге чейин сүйрөп барган өспүрүм ооруканада каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0