Болливуд жылдызы 20 жыл мурда антилопа өлтүргөнү үчүн соттолуп кетти

© REUTERS / StringerБолливудский актер Салман Хан
Болливудский актер Салман Хан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя тасма тартуу учурунда болгон

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Болливуд жылдызы Салман Хан мындан 20 жыл мурда сейрек кездешүүчү жаныбарды өлтүргөнү үчүн беш жылга эркинен ажыратылганын The Daily Mail басылмасы жазды.

Республика — Ата-Журт фракциясынын жаңы шайланган лидери Жыргалбек Турускулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Турускулов талкуу жараткан сүрөтүнүн чоо-жайын айтты
Ага ылайык, актер 1999-жылы экранга чыккан "Бизди эч ким ажырата албайт" ("Нас не разлучить") тасмасын тартуу учурунда коруктагы сейрек кездешкен антилопаны өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылды.

Браконьерчилик боюнча айыптоо корутундусун Жодхпур шаарынын соту бейшемби күнү чыгарды. Сотто актерден тышкары тартуу тобунун мүчөлөрү Саиф Али Хан, Табу, Сонали Бендре жана Нилам болгон. Бирок алар далилдин жоктугунан улам жоопкерчиликке тартылган эмес.

52 жаштагы Салман Хан Болливуддагы эң атактуу жана бай актерлордун катарын толуктайт. 2017-жылы Forbes журналы аны эң көп акча тапкан өнөрпоз атап, 9-орунда экенин белгилеген. Ал былтыр 37 миллион доллар иштеп тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0