WhatsApp тиркемеси iPhone үчүн өзгөчө функция киргизди

© REUTERS / DADO RUVICWhatsApp тиркемесинин логотиби. Архив
WhatsApp тиркемесинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө функциялар жаңыланган тиркемеде жеткиликтүү

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенджерин иштеп чыгуучулар iOS операциялык системасы үчүн жаңы эки функция иштеп чыгышты. Бул тууралуу WABetainfo порталы жазып чыкты.

Функциялардын бири жаңыланган акыркы статусту виджеттин экранынан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. iPhone телефонун колдонгондор эми билдирүүлөрдү оңой окуй алат.

​Андан тышкары, мессенджерден аудио билдирүүлөрдү угуу жеңилдеди, башкача айтканда, тиркемени жаап коюп, же башка тиркемени ачып алып деле үндү укса болот.

​Жаңы функциялар iOS 7.0 жана андан жогорку платформаларда иштейт. Жаңыланган тиркемени көчүрүп алып колдонууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0