13:08 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Дүйнөдө

АКШда аман калганына сүйүнгөн учкуч жерди өөп жиберди. Видео

Кыскача шилтеме алуу
85620

Окуя Флорида штатынын Пемброк-Пайнс шаарында болгон

Жерге сүрүлүп барып конгон учактын пилоту аман калганына сүйүнүп жерди өөп жиберди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Sun Sentinel басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

Окуя Флорида штатынын Пемброк-Пайнс шаарында болгон. Жайкы Wayman Aviation мектебинин учкуч-инструктору окуучусу менен асманда көнүгүүлөрдү жасап, конгондо учактын дөңгөлөгүндө мүчүлүштүктөр болуп тумшугу менен жерге сүрүлүп барып токтогон.

Андан соң экөө тең учактын ичинен шашып чыга калган. Ошол учурда пилот тизелеп отура калып жерди өөп жиберген. Видеону көпчүлүк америкалык ЖМКлар жарыялады. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары учкучка боору ооруп, көпчүлүгү мындай кырдаалга кабылса так ушундай кадамга бармактыгын жазышкан.

Тема боюнча

Учкуч учактын өчүп калган моторун жерге аз калганда от алдырып кетти. Видео
Бишкектен Баткенге сапар алган учак орто жолдон кайтып келди
Белгилер:
видео, учак, Учкуч, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ