АКШда чоң курсакмын деп ойлогон кишинин ичинен 14 килограмм шишик табылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүХируг дарыгерлер операция учурунда. Архив
Хируг дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер адатта киши мындай шишикти жаңы башталып келе жатканда эле байкаарын айтып, оорулуунун он жылдан бери камарабай жүргөнүнө таң калышты

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. АКШнын Хобокен шаарынын тургуну 10 жылдан бери курсагында көтөрүп жүргөн 14 килограммдык шишикти алдырды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. 

Макалада жазылгандай, 63 жаштагы Кевин Дэли аттуу адам бир топ жылдан бери "курсагым чоң" деп ойлоп жүргөн. Бирок бир нече ай мурда жүрөгүнө жасаткан операциядан кийин дароо арыктап, бирок курсагынын кичирейбегенине таң кала баштаган.

"Оорулуунун курсагын компьютердик томографиядан караганда, ичинде 14 килограммдай шишик бар экени билинген. Атургай ал бир бөйрөгүн каптап калган. Дарыгерлер залалдуу шишикти бөйрөгү менен кошо алып салышты", — деп макалада жазылат.

Дарыгерлер адатта киши мындай шишикти жаңы башталып келе жатканда байкаарын айтып, оорулуунун он жылдан бери камарабай жүргөнүнө таң калышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0