Кемероводогу өрттөн улам дайынсыз болуп жаткан үч киши табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүӨрттөнүп кеткен "Зимняя вишня" соода борбору
Өрттөнүп кеткен Зимняя вишня соода борбору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дайынсыз жоголду деп 67 кишинин туугандары арыз менен кайрылган

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кемероводогу өрттөн улам туугандары дайыны жок деп жаткан үч киши аман-эсен табылганын РИА Новости агенттиги билдирди.

"Дайынсыз жоголду деп түшкөн 67 кишинин үчөө аман-эсен табылды. Акыркы маалыматтар боюнча 64 киши дайынсыз жана ошончо эле киши каза болгон", — деп айтылат Тергөө комитети тараткан билдирүүдө.

Акции в память о погибших при пожаре в ТЦ Зимняя вишня - Sputnik Кыргызстан
Кемероводогу өрттөн каза тапкандардын санын бурмалаган пранкерге өкүм чыкты
Дайынсыз жоголгондор боюнча маалыматты Кемерово облусунун жетекчилиги да текшерип жатат. Жакында эле аймактын биринчи вице-губернатору Владимир Чернов демилгелүү топ аларга дайынсыз жоголду делген 78 кишинин тизмесин бергенин айткан. Ошол эле учурда бул маалыматтар туура эмес да болуп калышы ыктымалдыгын баса белгилеген.

"Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрттөн 64 киши каза болуп, учурда 27 сөөктүн тек-жайы аныкталды.

Учурда тергөө өрт зымдардын тийишип кетишинен же атайылап өрттөлүшү мүмкүндүгүн боолголоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0