Барвихада тапанча аткылап дүң болгон Витас камакка алынды

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүВитас деген псевдоним менен таанымал россиялык ырчы Виталий Грачев. Архив
Витас деген псевдоним менен таанымал россиялык ырчы Виталий Грачев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотто ырчы эмне себептен үйүнөн ок чыгарганы айтылган жок

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Витас деген псевдоним менен таанымал россиялык ырчы Виталий Грачев Бархивадагы үйүнөн ок чыгарганы үчүн жети суткага камалды. Бул тууралуу РИА Новости Москва облустук сотуна шилтеме берип жазып чыкты.

Буга чейин укук коргоо органдары Грачев тапанчаны огу жок аткылаганын билдиришкен. Кийин Витас полицияга барып түшүнүк кат жазып берген. Бирок сотто мындай кадамга барууга эмне түрткү болгону айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0