Кемероводо 21 cөөктү туугандарына өткөрүп беришти

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүПоследствия пожара в ТЦ «Зимняя вишня»
Последствия пожара в ТЦ «Зимняя вишня» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо 64 кишинин, анын ичинен сегизи баланын өмүрүн алган

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын Кемерово шаарындагы соода борборундагы чыккан өрттөн каза болгондордун ичинен таанылгандан кийин 21 кишинин сөөгү туугандарына берилди. Бул туурасында РИА Новости Тергөө комитетине таянып жазды.

"21 сөөк таанылгандан кийин жерге берүү үчүн туугандарына берилди", — деп маалымдалган ведомствонун Telegram-каналында.

Пожар в торговом центре Зимняя вишня в Кемерово - Sputnik Кыргызстан
Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?
Жекшемби күнү, 25-мартта, Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыгып, 64 киши каза болгон. Анын сегизи балдар экени аныкталган. Тирүү калгандардын ичинен 13 киши ооруканада жатат.

Бул трагедия Россиядагы эң чоң төрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самара Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 өмүрү менен коштошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0