Кличко Украинадагы президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин айтты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүВыборы на Украине
Выборы на Украине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинадагы кезектеги президенттик шайлоо 2019-жылы өтөт

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Киев шаарынын мэри Виталий Кличко 2019-жылы Украинада боло турчу президенттик шайлоого катышарын четке каккан жок. Бул тууралуу РИА Новости "Украинформ" агенттигине таянуу менен жазды.

Бирок Кличко алгач Киев шаарынын тургундарына берген убадаларын аткаруусу керектигин белгилеген.

"Мен ойлонуп жатам (президенттик шайлоого катышуу жөнүндө – ред.). Бирок берген убадаларды аткарып, аягына чыгарууну каалайм", — деди ал.

Кличко киевдиктердин көңүлүн калтырып, шаардыктардын кызыкчылыгынан өзүнүн саясий дымагын жогору коюуну каалабай турганын да айткан.

"Менин жашоо принцибим бар: мен сөзүмө туруп, аны аягына чейин аткарышым керек", — деди Киевдин мэри.

Украинадагы кезектеги президенттик шайлоо 2019-жылы өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0