07:36 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1413 0 0

Илимпоз дене тарбия көнүгүүлөрдү, кыймылды канча көп жасаса, ошончолук пайдалуу болорун айткан

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. АКШнын Дьюка университетинин окумуштуулары мезгилинен эрте болуп кетүүчү өлүмдүн кантип алдын алса болорун айтышты. Бул туурасында РИА Новости EurekAlert сайтына шилтеме кылып жазды. 

"Эгерде дене тарбия көнүгүүлөрү 10 мүнөттөн кем болбосо ден соолукка пайдасын тийгизет деп 30 жыл бою айтып келишкен. Мамлекет ден соолук боюнча сунуштарында лифт менен жүрбөстөн имараттагы тепкичтер менен чыгуу, автоунааны алысыраак токтотуп, жөө басып келүү керек деген. Бул 10 мүнөт убакытка жетпейт да, андай болсо эмнеге сунушташкан", — деп суроо салган профессор Уильям Краус.

Анын изилдөөлөрү ал тургай кыска мөөнөттөгү көнүгүүлөр да дене тарбия боюнча активдүүлүктү арттырып, пайдалуу болорун көрсөткөн.

Дене тарбия боюнча орточо активдүүлүккө маселен, ыкчамыраак басуу да кирет. Окумуштуу мындай активдүүлүк 30 мүнөттүк комплекстүү дене тарбия көнүгүүлөрүнө караганда пайдалуураак болорун айтты.

Адистер 150 мүнөт орточо, ал эми 75 мүнөт өтө активдүүрөөк кыймылдоо бир аптага чейин өзүнүн оң таасирин тийгизерин билдирген.

Онкология боюнча улуттук институттун окумуштуулары менен Краус 40 жаштагы жана андан улуу 4840 кишинин саламаттыгын жана тамактануусун улуттук изилдөөнүн алкагында текшерип чыккан. Орто эсеп менен күнүнө 20 мүнөт активдүү кыймылда болгондордо өлүм тобокелдиги көбүрөөк байкалган. Ал эми бул көрсөткүч бир саатка жеткендердики 57 пайызды көрсөткөн. Ал эми 100 мүнөт деп белгиленген адамдарда каза болуу кооптуулугу дагы бир азга азайып, 76 пайызды түзгөн.

"Дене тарбия көнүгүүлөрдү, кыймылды канча көп жасасаңар, ошончолук пайдалуу болот", — деп кеңеш берген Краус элге.

Буга чейин окумуштуулар семирип кетүүнүн 10 себебин айтып беришкен.

Тема боюнча

Арыкташ керек эле... Адистер семирип кетүүнүн 10 себебин айтты
Илимпоздор мыкты мүчө бойлуу болуунун жөнөкөй сырын ачышты
Белгилер:
көнүгүү, адистер, иликтөө, Окумуштуулар, медицина

ЭҢ МААНИЛҮҮ