Баласынын өлүгүн башкаларга ыраа көрбөгөн буйволдун видеосу

Жазылуу
Андан жаалданган буйволдун 14 арстанды чаңдата кууганын көрүүгө болот

Түштүк Африкада буйвол өлүп калган торпогун тыткылап жеп жаткан арстандарды жер челип, алыс кууду. Бул туурасындагы видеону Caters Clips каналы жарыялады.

Буйволы отбили у львов беззащитного слоненка — видео из ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Буйволдор пилдин баласын арстандардын азуусунан сууруп алышты, бирок... Видео
Видео Крюгер улуттук паркында тартылган. Анда жаалданган буйволдун 14 арстанды чаңдата кууганын көрүүгө болот. Ал эми беркилер алысыраак качымыш болуп, бирок кылчактап карап турат. Бир аздан кийин тобу менен келген төрт буйвол арстандардын тыткынында калган өлүк торпоктун ар кыл жерин жалап киргени тартылган.

Видеонун автору ача туяктуулар кеткенден бир сааттан соң торпоктун эти желип кеткендигин жазган.

Буга чейин буйволдор пилдин баласын арстандардын азуусунан сууруп алган видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0