Окумуштуулар жемиш ширеси өмүргө кандай кооптуулук жаратарын айтышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПроизводство сока на заводе "Очаково"
Производство сока на заводе Очаково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күнүнө 680 граммдан ашык таттуу суусундук ичкен киши жүрөк жана бир катар оорулардан көз жумуу тобокелдигине кабылат

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Курамында канты бар суусундуктар жана жемиш ширелери жүрөк, дагы бир катар башка оорулардан жапа чеккендердин өмүрүнө кооптуулук жаратат. Бул туурасында РИА Новости Medicalexpress басылмасына таянып жазды.

Мындай жыйынтык алты жыл бою үзгүлтүксүз изилдөө жүргүзүп келген америкалык окумуштуулар тарабынан жарыяланган. Алар 18 миңге чукул кишинин ден соолугуна байкоо жүргүзүп, анан изилдөө жыйынтыгын айтышкан.

Көчмөндөр фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаз мезгилиндеги тамак-аш. Кыргыз сөөк жукарганда эмне жейт
Күнүнө 680 граммдан ашык таттуу суусундук ичкен киши жүрөк жана бир катар оорулардан көз жумуу тобокелдигине азыраак ичкендерге салыштырмалуу эки эсеге көп кабылат дешкен.

Изилдөөгө жетекчилик кылган Жин Уэлш алардын эмгегинин буга чейин кантты аз колдонуу туурасында айтылып келгендерди тастыктагандыгын кошумчалаган.

Окумуштуулардын изилдөөсү суусундуктун кооптуулугун гана аныктаган.

Буга чейин окумуштуулар ачкачылыктын саламаттыка таасири боюнча изилдөө жыйынтыгын да билдиришкен. Бостондогу Гарвард мектебинин коомдук ден соолук боюнча окумуштуулары маал-маалы менен ачка болуп туруу клеткалардын энергетикалык алмашуу процессин жакшыртарын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0