Кургандык кыз классташтарына ок чыгарды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция жана тез жардам кызматы. Архив
Россиянын полиция жана тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-класстын окуучусунун бул кадамга баруусуна эмне себеп болгондугу азырынча белгисиз

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Россиянын Курган облусундагы мектептердин биринин окуучусу, 13 жаштагы кыз классташтарын пневматикалык курал менен аткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жабырланган жетинчи класстын окуучуларынын эти тытылып, көгөрүп, бирок ооруканага жаткырылган эмес.

Пистолеттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын соттору мындан ары курал алып жүрөт
Кыздын бул кадамга баруусуна эмне себеп болгондугу азырынча белгисиз. Окуя эртең менен Шадринск аймагындагы мектептердин биринде болгон. 13 жаштагы кыз куралды үйүнөн ала келген. Тергөөнүн жүрүшүндө куралдын ээси кыздын атасы экендиги такталды.

Кыз буга чейин тартибинен, жүрүш-турушунан улам атайын каттоодо деле турган эмес.

Россияда буга чейин да балдардын жапырт мушташкан, бычакташкан учурлары кездешкен. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги мектептерде психологиялык кызматты жөнгө салып жана өнүктүрө турган борбор түзүлө тургандыгын айткан. Аталган борбор кыйын абалда калган балдар менен өспүрүмдөргө жардам берип, агрессия менен өмүрүнө кол салган учурларды азайтат деген ишенимде турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0