Жер бетиндеги ак кериктин жалгыз эркеги өлүп калды. Сүрөттөр

© AP PhotoКенияда жер бетиндеги акыркы эркек ак керик өлдү
Кенияда жер бетиндеги акыркы эркек ак керик өлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголуп бара жаткан жаныбардын учурда эки ургаачысы гана калды

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кенияда жер бетиндеги акыркы эркек ак керик өлдү. Бул тууралуу Ol Pejeta коругунун Twitter тармагындагы расмий баракчасында жарыяланды.

​"Терең кайгыруу менен кабар айтабыз. Дүйнө жүзүндөгү акыркы түндүктүк ак керик Кениядагы Ol Pejeta коругунда 19-март күнү өлдү", — деп жазылат маалыматта.

Судан атындагы керик 45 жашта болгон. Ал карып калганына байланыштуу дегенеративдик оорулардан жапа чегип, сөөктөрү сынып, булчуңдары иштебей калган. Өзгөчө акыркы жумада анын абалы оорлоп өз алдынча тура албай калганы айтылды. Коруктун жетекчилиги жаныбарды кыйнабай дары берип "уктаткан".

​Жер бетинде жоголуп бара жаткан мындай жаныбардан эки экөө эле калды. Улар Наджин менен Фату аттуу ургаачы кериктер.

Суданды жерге көмүү алдында дарыгерлер анын генетикалык маалыматтарын топтоп алган. Окумуштуулар эми ал жаныбардын түрүн жасалма уруктандыруу ыкмасы менен сактап калууга аракет жасашат.

​Ак кериктер кургак жерде жашаган эң чоң жаныбарлардын катарына кирет. Ал көлөмү боюнча пилден кийинки эле орунда турат. Аталган сүт эмүүчүлөр түндүктүк жана түштүктүк болуп экиге бөлүнөт. Түштүктөгү ак кериктер Намибия, Мозамбик, Зимбабве жана Түштүк Африка Республикасынын аймагын байырлап келет. Азыр алар мыйзамсыз аңчылыктан улам жоголуп кетүү коркунучунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0