ЖМК: Франциянын экс-президенти Николя Саркози кармалды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЦеремония прощания с экс-канцлером Германии Гельмутом Колем
Церемония прощания с экс-канцлером Германии Гельмутом Колем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент 48 саатка камалганы айтылууда, бул мөөнөт аяктагандан кийин ага айыбы угузулат.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Францияда өлкөнүн экс-президенти Николя Саркози кармалганын Monde гезити жазды.

"Алынган маалымат боюнча экс-президент Нантер шаарында колго түшүрүлгөн. Бул жакка Саркози 2007-жылы президенттик кампаниясын Ливия каржылашы мүмкүн деген иштин алкагында чакырылган", — деп айтылат маалыматта.

Экс-президент 48 саатка кармалганы айтылууда, бул мөөнөт аяктагандан кийин ага айыбы угузулат.

Сотрудники китайской полиции в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Кытай: жүздөн ашык аткаминер коррупция үчүн кесилди
2012-жылдын жазында Mediapart басылмасы Ливия Саркозинин президенттик шайлоо алдындагы кампаниясынын кем-карчына деп 50 миллион евро бергени тууралуу документтерди жарыялаган. Аталган иш боюнча сот азыркыга чейин уланууда.

2016-жылы бул иш боюнча франко-ливандык ишкер Зиад Такиеддин суракка алынып, 2006-жылдын аягында жана 2007-жылдын башында ошол учурда Франциянын тышкы иштер министрлигинин имаратына Ливиядан беш миллион евро алып келгенин билдирген. Бул учурда Саркози ТИМди жетектеп турган.

Такиеддин эки жолу акча алып келип, бир жолу президенттикке талапкер Саркозинин өзүнө бергенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0