АКШ: өнөрүн тартуулап жаткан акробат бийиктиктен кулап каза тапты. Видео

© AFP / LEON NEAL Выступление Cirque du Soleil в Лондоне
Выступление Cirque du Soleil в Лондоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цирк өнөрпозу шакекчелер менен оор ыкма жасап жатып кулап түшкөн.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Cirque du Soleil аттуу цирктин акробаты Янн Арно Флорида штатында өнөрүн тартуулап жатып, бийиктиктен кулап каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, каргашалуу окуя ишемби күнү Тампа шаарында катталган. Анда цирк өнөрпоздору жергиликтүү тургундарга VOLTA шоу-программасын тартуулап жаткан.

​38 жаштагы акробат шакектер менен оор ыкманы жасап жатып, бийиктиктен кулап түшкөн. Катуу жараат алган өнөроз ооруканадан көз жумган.

Циркте эмнелер гана болбойт. Белоруссиянын Гомель шаарындагы цирктен да аба гимнасты Юлия Тикаева 4 метрлик бийиктиктен жерге кулап түшүп, оор абалда ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0